• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абаддагы “Нооруз” сейил багынын курулуш иштеринин сапаты текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Нооруз” сейил багынын курулуш иштеринин сапаты текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, парктын курулушу менен Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таанышып чыкты. Анда шаар башчысы курулуштун сапатына көңүл буруп, бир топ эскертүүлөрдү берди.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы 8 гектардан ашуун аянтты ээлеген “Нооруз” сейил багын толук реконструкциядан өткөрүү үчүн калаа казынасынан 45 миллион сом бөлүнгөн. Парк эки этап менен жаңыланат. Анын биринчи этабы боюнча курулуштун 80%дан ашыгы аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий