• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддагы түнкү клубда токмоктолгон бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде токмоктолгон бала каза болду. Аталган маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Мунарбек Бекишев бүгүн болжол менен саат 10:00-11:00дөр ортосунда жергиликтүү ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Учурда керектүү экспертизалар дайындалган.

Эске сала кетсек, маркумду 10-сентябрда бейтааныш балдар сабап кетишкен. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген. Ошол эле күнү шектүү катары 22 жаштагы А.А., жана А.А., аттуу балдар кармалган. Күн мурун окуяга шектүү делген 22 жаштагы Т.У., жана С.А., аттуу дагы эки бала кармалган.

Пикир

Оставить комментарий