Бишкек 26.01.22. /Кабар/. ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизатты мыйзамсыз сатып өткөрүүгө шектелген жаранды кармашкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 10-январь күнү Жалал-Абад шаарында болжол менен 05:30 чамасында №10 түзөтүү мекемесинин короосуна белгисиз адам тарабынан скотч менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар 17 таңгактагы баңгизаты ыргытылган. Бул баңгизаттар түзөтүү мекемесиндеги жазаларын өтөп жаткандарга арналган.
12-январь күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
14-январь күнү Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош облусунун 1975-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну кармалды.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, түзөтүү мекемесине ыргытылган баңгизат “марихуана” экендиги аныкталды. Анын жалпы салмагы 9 кг 430 граммды түздү.
Кармалган жаран Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий