• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абаддагы жаңы муниципалдык базардан соода орундары бериле баштады

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү № 8 дарегинде курулуп жаткан жаңы муниципалдык базардан соода орундуктары бериле баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач, борбордук базардын муниципалдык жеринде соода-сатык жүргүзгөн соодагерлерге кезексиз берилет.

Ошондой эле базарлардын айланасындагы тротуарларда чачкынды соода жүргүзгөн соодагерлер да орундуктарды алышы зарыл. Анткени, жаңы базар ишке кириши менен тротуарлардагы чачкынды соода жайлары толугу менен алынат.

Ал эми калган соода жайлары жарандарга кезек менен берилет.

Белгилей кетсек, аталган базарда 800гө жакын орун бар. Анын үстү толугу менен жабык жана алды тарабында кенен унаа токтоочу жайы бар.

Пикир

Оставить комментарий