• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абаддан барган делегация Наманган шаарындагы өндүрүштүк аймактарын кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган делегация Наманган облусунун экономикасынын локомотиви болгон чакан жана ири өндүрүшттүк ишканаларында болду.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, анда делегация мүчөлөрү 22 чакан өндүрүштү бириктирген "Даштбах" ишканасы менен таанышты. Анын жалпы аянты 3 гектарды түзүп, 3 миң 200 жумуш ордун камсыздаган. Делегация андан ары бир катар текстиль фабрикаларында, өндүрүштүк жана кайра иштетүү жайларына барды.

Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев бул жолугушуулар ишкерлердин ар тараптуу тажрыйба алмашуу менен кызматташуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзөөрүн айтты.

Өзбекстандын Наманган облусу жылына жалпы 200 миллион долларга жакын товар экспорттойт. Анын 80 миллион доллары айыл чарба азыктары болсо, калганы жеңил өнөр жай жана текстиль тармагына туура келет.

Пикир

Оставить комментарий