• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абаддан Баткен облусуна 30 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунан Баткен облусуна 30 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Анда азык-түлүк, дары-дармек, жууркан-төшөк, балдар кийимдери, сүлгү жана башка керектелүүчү каражаттар бар. Ага облустун район-шаарлардагы жергиликтүү бийлик, мекеме-ишканалар, ишкерлер жана ыктыякчылар өз салымдарын кошушту.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Баткендеги окуяларга облус тургундары да кайдыгер карабай өз жардамдарын активдүү көрсөтүп жатканын айтып, көмөк иштери алдыдагы күндөрү да улантылаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий