• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Жалал-Абаддан Баткенге 89 боз үй жана чатыр жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунан Баткен облусундагы чек ара коогалаңында жабыркаган үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү максатында 89 боз үй жана чатыр жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, мындан сырткары, ӨКМдин облустук башкармалыгы тарабынан Баткендеги күйгөн үй-жайларды тазалоого кошумча күч жана 10 атайын оор жүк ташуучу унаа жиберилди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий