• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абаддык тигүүчү анын өндүргөн буюмдары президентке жагат деп үмүттөнөт

Аймак 0

Жалал-Абад, 02.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Абдыбакы Имаров аттуу ишкер тигүүчү цех ачып, 50 адамды иш менен камсыз кылууда.

Анын айтуусу боюнча, ал көп убакыттан бери тигүүчү цех ачууну пландап, бирок ага мүмкүнчүлүк болбой келген. Каражат маселеси КРнын президенти С.Жээнбеков иш сапары менен келгенде чечилген.

“Жарым жыл мурун өлкө башчысы биздин шаарга иш сапары менен келип, ишкерлер менен жолугушкан. Ошондо биз баарыбыз оюбуз менен бөлүшүп, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча пландарыбызды айтканбыз. Жолугушууда ишкерлер жеңилдетилген насыяларга муктаж экендиги да айтылган. Ошондо президент жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана мамлекеттик банктарга ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүнү тапшырган. Мен ошондо Кыргыз-Орус өнүктүрүү банкынан 5% менен 180 миң доллар насыя алып, өз ишканамды ачкан элем. Акча керектүү жабдыктарды алууга жумшалган”, - дейт Имаров.

Анын айтуусу боюнча насыяга алган каражаттар ага ишкананы ишке киргизүүгө жардам берди. Цех ишти байпак тигүүдөн баштаган. Алар учурда балдардын, аялдардын, эркектердин, спорт жана кышкы жылуу байпактарды тигишет. Күнүнө Имаровдун цехи 2 миң байпак тигип, соода түйүндөрүнө таратат. Андан тышкары, алар балдардын мектеп формаларын, аял жана эркектердин үстүңкү кийимин тигишет.

Абдыбакы Имаров билдиргендей, аймактарды өнүктүрүүдө кичи, орто бизнестер үчүн колдоо абдан маанилүү жана ал комплекстүү болуусу керек. Жеңилдетилген насыялар, салыктар боюнча жеңилдетүүлөр жана административдик колдоо болсо жеңил өнөр жайы бат өнүгөт.

Пикир

Оставить комментарий