• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусундагы базарларда күтүүсүз өрттүк-тактикалык машыгуулар жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы базарларда күтүүсүз өрттүк-тактикалык машыгуулар жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Машыгуулардын себеби – жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 15 жолу соода жайларында өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 21 млн. 521 миң 55 сомдон ашкан.

Мындай иш чара, 12-декабрь күнү Шамалды-Сай шаарчасынын "Мамаш-Ата" базарында, Жалал-Абаддын борбордук базарында, "Шабдалы-Зар" жана "Айгуль" соода борборунун "Жаштык" базарларында өткөрүлгөн.

Машыгуулар буга чейинки базарларда өткөрүлгөн машыгуулардан айырмаланышы күтүүсүз, алдын ала макулдашылбастан өткөрүлүүдө.

Машыгуунун максаты базарларда өрттүн алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, өрт учурунда базар администрацияларынын, ыктыярдуу өрткө каршы кошундардын иш-аракеттерин жөнгө салуу, адам өмүрлөрүн сактоо жана материалдык чыгымды болтурбоо.

Машыгуулардын жыйынтыгын менен тиешелүү органдарга чара көрүү үчүн маалыматтар берилет.

Пикир

Оставить комментарий