• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддын биринчи вице-мэри: Учурда шаар боюнча 55 ишкана өз ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары боюнча комендатура тарабынан 55 ишканага уруксат берилип, алар өз ишин кайрадан жандантты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 1-майдан тарта өнөр жай объектилерине, курулуш, жеке жана мамлекеттик нотариустарга, соода чөйрөсүнө, салон жана такси кызматтарына иштөөгө уруксат берилүүдө.

"Алгачкы күнү ишин баштоону каалаган 44 ишкана бизге кайрылды. Аталган ишканаларга жергиликтүү бийлик талдоо жүргүзүп, комендатурага сунуш берген. Учурда 55 ишкана өз иши кайрадан баштады, бул боюнча коменданттын атайын буйругу чыкты", - деп билдирди ал.

Ал маалымдагандай, 11-майдан тарта микрофинансылык уюмдарга, тейлөө кызматтарына, соода чөйрөсүнө (курулуш дүкөндөрү), транспорттук кызмат көрсөтүү тармагына иштөөгө уруксат берилет. Ал эми 21-майдан тартып кафе-ресторан, коомдук трнаспорттор иштей баштайт.

Адылбеков кошумчалагандай, санитардык-гигиеналык нормаларды сактап, бир нече талаптарды аткарган гана ишканалар бүгүнкү күндө иш алып барышы керек.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылган.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий