• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абаддын борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 21-март — Нооруз майрамы Эркиндик аянтында белгиленет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, аянтка боз үй тигилип, алты бакан селкинчек орнотулат.

"Иш-чара саат 10:00дө башталат. Алгач жергиликтүү бийлик конокторду Нооруз майрамы менен куттуктайт. Андан соң концерттик программада Бек Борбиев, Арзыбек Бедияров, Айпери Кулбаева, Гүлзина Мамаева обон созот", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарада кол өнөрчүлүк, тамак-аш жарманкеси да уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий