• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддын борбордук базарында өрт чыгып, жерине өрт өчүрүүчү унаа барды

Аймак 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Береке” базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, машыгуунун максаты базарга өрт өчүрүүчү автоунаасы өрт чыккан убакта тоскоолдуксуз жана ыкчам жетип баруу болгон.

Мындан тышкары, базарда соода кылган жарандарга өрт коопсуздук эрежелери боюнча кошо лекция окулуп, өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Калк арасында мындай машыгуу жана өрт коопсуздугу тууралуу түшүндүрүү иш-аракеттери дайыма жүрүүдө, - деп билдирет ӨКМ кызматы.

Пикир

Оставить комментарий