• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абаддын эки ооруканасына жаңы тез жардам унаалары белек кылынды

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков кечээ эки ооруканага 2 жаңы тез жардам унаасын, акчалай каражат, беткаптарды жана коргонуу каражаттарын берди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айылындагы аймактык ооруканага жаңы тез жардам унаасын, 50 миң сом жана 2 миң беткап, ал эми Кочкор-Ата райондук ооруканасына 150 миң сом жана 5 миң медициналык беткап берди.

Мындан тышкары, Ноокен аймактык ооруканасына жаңы тез жардам унаасын, 100 миң сом жана 5 миң беткап, райондук штабга - 50 миң сом жана 2 миң беткап, Момбеков айыл аймагына - 50 миң сом жана 2 миң беткап тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий