• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абаддын эки тургуну диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттердин алкагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун тургуну С.О.Т. жана Аксы районунун тургуну Х.М.М. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

Бул жарандар 1999 жана 2018-жылдардан бери “Хизб ут-Тахрир” уюмунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтун активдүү кызматкерлери менен байланышта болушкан.

Азыркы учурда УКМК тарабынан аталган уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле анын мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү боюнча ишмердүүлүк улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий