• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абаддын Курманбек кичирайонуна кичи автобустар үзгүлтүксүз каттай баштайт

Аймак 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичирайонуна кичи автобустар үзгүлтүксүз каттай баштайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунда коомдук транспорт толук кандуу иштебей, элдин нааразычылыгын жаратып келген.

“Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси, каттамды ишке ашырып келген ЖЧКнын жетекчилиги жана жергиликтүү жашоочулар бул маселени жеринде талкуулап, жол акысын айдоочуларга ыңгайлуу кылып 10 сомдон, 15 сомго жогорулатуу менен коомдук транспортторду үзгүлтүксүз каттамга чыгаруу макулдашылды.

Ошондой эле, аталган кичирайонго жүргөн 114-маршруттук каттамдын жол схемасы да жашоочуларга ыңгайлуу кылып өзгөртүлмөй болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий