• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абаддын Кызыл-Ата айылындагы мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу 85%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кызыл-Ата айылындагы Ы.Чангылов атындагы мектептин окуу корпусунун курулушу 85%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу корпусунун долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген, анын курулуушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Учурда объектте ички жасалгасы, сырткы фасады жана аймакты абаттоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу жаңы форматта жүргүзүлүп жатат. Анда окутуу үчүн бардык шарттар каралган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика жана информатика класстары каралган.

Аталган билим берүү объектисинин сметалык наркы 705 438 АКШ долларын түзөт, анын ичинен 541 466 АКШ доллары каржыланды.

Имараттын курулушун аяктоо 2021-жылдын жай айларына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий