• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абаддын мэри милдеттерин мөөнөтүндө аткарбаган жергиликтүү чиновниктерди кызматтан ала тургандыгын билдирди

Аймак 0

Ош, 16.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын имаратында күн мурун шаардын мэри Мураталы Тагаев менен курулуш жаатындагы жергиликтүү муниципалитет кызматынын жетекчилеринин жолугушуусу болду.

Тагаев жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү жетекчилерден шаардын инфраструктурасы менен байланышкан бардык курулуш иштерин өз мөөнөтүндө аяктоону талап кылды. Эгерде жумуштар өз убагында бүткөрүлбөсө, анда тиешелүү жетекчилер кызматтан алынат.

Калаа башчынын айтуусунда, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин бардыгы шаар тургундары үчүн абдан маанилүү.

Ошондуктан бир күндү да текке кетирбеш керек, анткени күзүндө аба ырайы кандай болот, эч ким айта албайт. Өзүнүн тилкесиндеги ишти мөөнөтүндө аткара албаган жетекчилер үчүн эч кандай шылтоо кабыл алынбайт. Алар кызматтан кетиши керек.

Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 147 млн. сом бөлүнгөн, бул каражатка курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Чехов жана Пушкин көчөлөрүнүн кеңейтилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий