• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абаддын мэри Тагаев: Шаар боюнча бүгүнкү күнгө чейин 11 миңге жакын үй-бүлөгө жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бүгүнкү күнгө чейин 10 миң 886 үй-бүлөгө жардам берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Анын айтымында, 1227.tunduk.kg сайтына жалпы шаардан 8 миң 904 адам катталган.

"10 миң 886 үй-бүлөнүн ичинен мэрия тарабынан 4 миң 524 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн. Ал жергиликтүү бюджеттен 4 млн 889 миң сом акча каражатын түздү. Ошондой эле ишкерлер тарабынан 3 миң 366 үй-бүлөгө 4 млн 134 миң сомдук жардам берилди. Мамлекет тарабынан берилген жардамды 3 миңге жакын адам алды", - дейт ал.

Тагаев кошумчалагандай, кээде жардамдар өз убагында дарекке жетпей калган учурлар болгон.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий