• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абаддын мэри толук кандуу иштебей жаткан өндүрүштүк ишканалардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы толук кандуу иштебей жаткан "Мата" АК жана "Көк-Арт" ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышып, аталган өндүрүштүк ишканалардын ишин жандандыруу маселесин шаар мэринин биринчи орун басары Нурбек Сатаров баштаган тийиштүү жетекчилер менен жеринде талкуулады.

Шаардык мэриянын маалымат борбору билдиргендей, Ормоков өндүрүштүк ишканалардын ишин жандандыруу, ар тараптуу колдоо зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, "Мата" ишканасы пахтаны кайра иштетүүчү заводдордон чыккан калдыктардан кездемелерди өндүрүп келет. Ал эми "Көк-Арт" ишканасы жыгачты кайра иштетүү менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий