• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддын патрулдук милиция кызматкерлери дарыгерге чейинки жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү

Аймак 0

Ош, 06.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад облусунун патрулдук милиция кызматкерлери 3нөн 5-декабрга чейин жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча атайын окуудан өтүштү.

Окуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен КР ИИМнин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.

Иш-чараны башкы максаты - жол кырсыгынан каза болгондордун санын кыскартуу.

Башкы патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2017-жыл ичинде 719 жол кырсыгы катталган.

Билдирүүдө айтылгандай, эки айлык окуунун соңунда патрулдук милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүү боюнча тест тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий