• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абаддын санэпидемкөзөмөл департаментинин 49 кызматкери карантинге алынган

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20./Кабар/. Жалал-Абад облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин 49 кызматкери карантинге алынган. Бул тууралуу бүгүн брифингдин жүрүшүндө Жалал-Абад облусу боюнча медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

"Коронавирус аныкталган медициналык кызматкерлердин арасында департаменттин да кызматкери бар. Ага байланыштуу департаменттин 49 кызматкери обсервацияга алынды. Бирок бул кызматкерлер үй карантининде эмес, департаменттин имаратында. Ал жерде обсервация уюштурулган. Ар бири өз бөлмөсүндө жана иштерин улантып жатышат. Бардыгынан тест-изилдөө алынып, жыйынтыгы терс чыкты. Жакын байланышта болгондордон ПЧР-анализ алынды. Ал 100 пайыздык жыйынтык көрсөтөт. Учурда ПЧР-анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. 12-13 күндөн кийин кайрадан анализ алынат, эгерде анализдин жыйынтыгы терс болсо, анда карантин алынат", - дейт Боржуев.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктуруп алган 14 жаңы учур катталып, өлкө боюнча ооругандардын саны 144 кишиге жетти. Маалым болгондой, илдетти жуктуруп алгандардын ичинде 9 медкызматкер бар. 2-апрелде коронавирус жуктуруп алган алгачкы бейтап каза болду. Ал эми 9 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий