• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абаддын социалдык өнүктүрүү башкармалыгына 1227 номери боюнча кайрылган 4,8 миңден ашык жарандын тизмеси келди – Токобаева

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадд шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына 1227 түз байланыш номери боюнча кайрылган 4,8 миңден ашык жарандын тизмеси келди. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында 3 миң 70 үй-бүлө жакыр үй-бүлө катары каттоодо турат. Алардын ичинен өтө жакыр болуп эсептелген 942 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары жана материалдык резервден келген ундар берилген.

"Учурда материалдык резервден 662 кап ун келген. Жогоруда айтылган 942 үй-бүлөнүн ичинен 280 үй-бүлөгө ун жетпей калган. Аларга демөөрчүлөр, жардам берүүнү каалаган жарандардын колдоосу менен көмөк көрсөтүлдү. 1227 түз байланыш номери боюнча кайрылган 4,8 миңден ашык жарандын тизмеси келди. Алардын ичинен муктаж болгон жарандарга мамлекеттен 1 млн сом бөлүндү. Бул боюнча комиссия иштеп, алар ар бир жаранга 800 сомго чейин азык-түлүк баштыгын даярдап жатат. Алар тизме боюнча берилет", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий