• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Жалал-Абаддын Спутник кичирайонунда таза суу берүү убактылуу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-ноябрь күнү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 11:00дөн, 16:00гө чейин Спутник кичирайонунда таза суу берүү убактылуу өчүрүлөт.

Жалал-Абад шаардык мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий