• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абаддын тургунунун үйүнөн 22,1 кг марихуана табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургунунун үйүнөн 22,1 кг марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 13-декабрда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө Токтогул районунда 36 жаштагы О.К. аттуу жашоочунун үйүнөн кара жашыл түстөгү, өзгөчө кендир жыты бар зат салынган каптар табылган.

Мындан ары жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында баңгизаттарды сатып жана өндүрүп келген жай аныкталган. Тинтүүнүн жүрүшүндө баңгизаттарды даярдоо үчүн колго жасалган шаймандар дагы табылып алынды.

Соттук- химиялык изилдөөнүн негизинде табылып алынган заттардын жалпы салмагы 22 килограмм 130 граммды түзгөн марихуана баңгизаты экендиги аныкталды.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий