• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абаддын убактылуу кармоочу жайында күч органдарынын мурдагы кызматкери асынып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайында күч органдарынын мурдагы кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал асынып алган.

“Экинчи инстанциядагы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал акыркы инстанцияга кайрылгандыктан убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткан. Маркум укук-коргоо органдарында көп жыл мурун иштеген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий