• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абаддын жаштары Бишкек шаарындагы милиция кызматынын айрым түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. “Ар бир кесип ардактуу” темасынын алкагында Жалал-Абад облусунун жаштар уюмдарынын өкүлдөрү милиция кызматынын айрым түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Ага ылайык, 16-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы О. Абдылаевдин жетекчилиги алдында 20 жаш активист Бишкекке келген.

Келген коноктор алгач С. Наматбеков атындагы музейинде болушуп, Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султан Жоошбаев менен жолугушту.

Султан Жоошбаев жаштарга тарбиялык маек куруп, кыргыз милициясынын жана кылмыш иликтөө кызматынын кылымга тете тарыхы, анын басып өткөн жолдору жөнүндө кенен маалыматтарды берип, жаштар менен пикир алмашты.

Ошондой эле 20 активист милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясында болушту. Милиция кызматкерлеринин күнүмдүк ишиндеги кылмышкерлерди кармоо ыкмалары жана колдонулган атайын жабдыктар, криминалистикалык техникалар, кылмышкерлердин изине түшкөн илимий криминалистикалык ыкмалар жаштардын кызыгуусун жаратты.

Андан соң, жаштар академиянын заманбап электрондук ок атуучу палигонун көрүшүп, “ПМ-9” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ок атууга катышты. Жолугушуунун аягында келген конокторду ИИМдин академиясынын жетекчиси, милициянын полковниги Адыл Бийбосунов кабыл алып, окуу процесси менен тааныштырды.

Милиция болом деген жаштардын тилегин иш жүзүнө ашырган ушул окуу жайга курсант болуш үчүн кандай шарттарды, талаптарды аткаруу керектигин жана аталган окуу жай чет өлкөлүк укук коргоо органдарынын окуу жайлары менен келишим түзүп, курсанттардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү менен өз өлкөсүнө келгенде алган билимдерин колдонуу үчүн баардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдалды.

Учурда коомчулук үчүн кызыктуу болуп жаткан “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы жолдорго орнотулган видео байкоолор аркылуу жол эрежелерин бузган автоунааларды аныктаган, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборуна барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Аталган борбордун жетекчисинин орун басары, милициянын майору М. Шабданов студенттерди борбордун иштери менен тааныштырып, кызыккан суроолоруна жооп берди.

Айыппулдарды төлөөнүн жол-жоболорун жана электрондук түрдө автоунаа ээси айып пулдары бар же жок экенин текшерип алса болот экендигин Шабданов кошумчалады.

Жаштар республикада алгачкы жолу колдонулуп жаткан видео-байкоо аппараттарын канчалык деңгээлде бир гана жол эрежесин эмес, ошол эле мезгилде жалпы коомдук коопсуздукка дагы салымы арбын экендигин өз көздөрү менен көрүштү.

Ал эми, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын даярдыктагы кызматкерлер күжүрмөн даярдыктарын, кол уруш ыкмалары (рукопашный бой, самбо) аркылуу кылмышкерлерди кармоо, куралсыздандыруу жолдорун көргөзүшүп, жаштардын кызыгууларын арттырды.

Андан ары кинология борборунун кызматкерлери үйрөтүлгөн кызматтык иттер менен кылмышкерлерди колго түшүрүү, баңгизаттарын алуу, ошондой эле курал-жарактарды кызматтык иттердин жардамдары менен табуунун ыкмаларын көрсөтүп беришкен.

Бул иш-чара кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине арналып, жаштарды мыйзам жана укуктарды таануу, мекенге кызмат кылуу, жарандардын укуктарын сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында уюштурулду.

Келген коноктор милиция кызматкерлеринин кесиби оор, түйшүктүү, жоопкерчиликтүү ары ардактуу иш экендигине өз көздөрү менен ынанышып, милиция кызматкерлерине болгон сыйы артып, келечекте элибизге милиция тармагы аркылуу ак кызматын өтөй тургандыгын арзуулашты.

Өз сөзүндө Жалал-Абад облусунун жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ороз Абдылаев: “Бүгүнкү өткөн саякатыбыз учурунда алган маалыматтарыбызды окуган жайларыбызда, жашаган жерлерибизде сыймыктануу менен айтып барабыз. Биз үчүн уюштурулган иш-чара жана бизге болгон жылуу мамилеңер үчүн Ички иштер министрлигине терең ыраазычылыгыбызды билдирип, ар убак милициянын аймактарда аткарып жаткан жумуштарына жаштар ишенич көрсөтүп, ар тараптуу колдой тургандыгыбызды баса белгилеп кетемин”.

Пикир

Оставить комментарий