• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абаддын жетекчиси Ноокен районундагы күндүзгү стационарларды кыдырып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов күн мурун Ноокен районунда иш сапары менен болуп, андагы күндүзгү стационарларды кыдырып чыккан. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы күз мезгилинде бейтаптардын саны көбөйүшү мүмкүн деген божомолдор айтылып жаткандыгын билдирип, бардык медициналык мекемелер өз мөөнөтүндө даярдыктарды жүргүзүүгө тийиш деген.

"Ага карата жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме кызматкерлери азыртадан керектүү шарттарды жасап, мүмкүн болушунча муктаждыктарды камсыздап алуу керектигин эскертти. Кыдыруунун алкагында аталган жайлардын жалпы ишмердүүлүгү жана бир катар көйгөйлөрүн жеринде көрдү. Алардын алкагында да чечүү чаралары жасаларын кошумчалады. Өкүл аймактагы дары-дармектердин жетиштүүлүгүн сурап, муктаждык жаралса дароо жергиликтүү бийликке кабарлоо керектигин айтты", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Ноокен району боюнча жалпы 49 жайга күндүзгү стационарлар ачылып, аларда 329 орун даярдалган. Ал эми илдет башталгандан тарта 47 адамдан COVID-19 аныкталып, алардын 35и айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий