• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадка Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунан делегаттар келди

Аймак 0

Ош, 13.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад облусуна иш сапары менен Кытайдын Кызыл-Суу автономиялык облусунан делегаттар келди. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун берген маалыматы боюнча, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев делегаттарды тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономика, туризм, саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Жалал-Абадда Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун продуктуларынын жарманкесин өткөрүү планы каралды.

Пикир

Оставить комментарий