• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад облустук милициясында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-январда Жалал-Абад облустук милициясынын 2022-жыл ичинде аткарган жумуштарынын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеңишбек Абитов, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Алгач өткөн жыл ичинде өз кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн бир катар кызматкерлерге өз кесибинин мыкты наамдары ыйгарылды. Ошондой эле облус аймагындагы ички иштер органдарынын Ардагерлер кеңештеринин мыктылары аныкталып, 1-орунга Аксы РИИБнин Ардагерлер кеңеши татыктуу болду.

Андан соң өткөн жылы аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасалды.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев кызматта кетирилген бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюу тапшырмасын койду. Ал милиция кызматкери кийип жүргөн формасына татыктуу болуусун, жарандардын арыз-даттанууларын көңүл сыртында калтырбай, мыйзам чегинде чечип берүү зарылдыгын айтып өттү.

Абдиев сервистик тейлөө көрсөтүү, профилактикалык иштерди күчөтүү, катталган кылмыштардын бетин ачуу жана алдын алуу зарылдыгын белгилеп, ар бир жетекчи кол астындагы кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү менен биргеликте аларга катуу көзөмөл жүргүзүп, кызматтык тартипти так сактоосун талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий