• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кечээ, 27-январь күнү, Жалал-Абад облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылда аткарууга алынуучу тапшырмалар коюлган коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район-шаар, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын жана дарыгерлик практикалык борборлорунун жетекчилери катышты.

Жыйында Жалал-Абад облусунда өткөн жылы социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.

Натыйжада облуста 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмү 106,2 пайызга, айыл чарбасынын өсүү темпи 100,8 негизги капиталга инвестицияларды тартуу 124,9, рыноктук кызматтардын көлөмү 110 пайызга жеткирилгени маалымдалды.

Ал эми 2021-жылы облус боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндөгү салыктар жана жыйымдардан 7 млрд 537 млн сом жыйналган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 195,9 млн сомго кѳп. Анын ичинен республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардан 5 млрд 458 млн сом жыйналып план 100,6 пайызга аткарылган. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттин көрсөткүчү 2 млрд 78 млн сомду түзүп, ѳсүү ыргагы 123,9%ды камсыздаган.

Жалал-Абадда тоо кен тармагы облустун ѳнѳр жайынын жалпы продукциясынын 54,6%ын түзѳт. Бул жаатта өткөн жылы 19 млрд сомдон ашуун продукция өндүрүлүп, көлөм индекси 113,3 пайызды камсыздаган. Алар, алтын, нефти мунай затын жана жаратылыш газын, нефтини өндүрүү, көмүр, темир кендерин казуу.

Коллегиялык жыйында аймактагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты жумуш менен камсыздоо аракеттери, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилген жөлөк пулдар тууралуу да айтылды. 2021-жылдын ичинде турмуш шарты оор, ата-энеси миграцияда жүргөн 80 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилди.

Жыйында бир катар район-шаарларда аткарылган иштер тууралуу маалымат айтылды. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев салыктык жыйымдардан артта калган Аксы, Чаткал, Майлуу-Суу шаарларынын жетекчилерине 2022-жылга карата турмушка ашырылуучу иштер тууралуу айтып, аткарууну колго алуу тапшырмасын койду. Мында ушул жылдын I кварталына карата бардык район-шаарларда калкты тейлѳѳ борборлорун уюштуруу талабын койду. Инвестиция тартууну күчөтүү, жумуш орундарын түзүү, балдардын билим сапатын жогорулатуу, калк арасында медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, энелердин өлүмүн алдын алуу алкагында күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү милдеттендирилди.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, өлкөнүн экономикалык, энергетика жана башка тармактарындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу айтты. 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеӊилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу, бардык региондордо дыйкан чарбачылыгы мамлекеттик колдоого алынарын белгиледи.

Коллегиялык жыйында бардык көтөрүлгөн кемчиликтердин үстүндө район-шаар жетекчилери, мекеме-ишканалардын башчылары натыйжалуу иш жүргүзүү зарылдыгы жүктөлдү.

Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын 1-январына карата калктын жалпы саны 1 млн 283 миң 532 адамды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий