• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Жалалабадэлектр” ААК “Сары-Бээ” көмөк чордонун жаңылады

Аймак 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Майлуу-Суу шаарындагы 35/6 Кв “Сары-Бээ” көмөк чордонун тоо тарапта жайгашкандыктан, шарты салыштырмалуу оор. Бул тууралуу “Жалалабадэлектр” Ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Алар билдиргендей, аталган көмөк чордонунда күз-кыш айларына болгон даярдыктар башталды. Көмөк чордондогу трансформатордун өчүрүп-жандыруучу аппаратын акыркы үлгүдөгү тетиктерге алмаштырышты.

“Сары-Бээ” көмөк чордону аталган аймакта жайгашкан 3 айылдан тышкары телестанцияны жана шаардык суу башкармалыгын да электр энергиясы менен камсыздайт.

“Жалалабадэлектр” Ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы жабдыктарды тейлөө кызматынын башчысы Талант Камчыевдин айтымында, оңдоп түзөө иштери январь айынан тарта башталган. ВК10 жана ТСН жабдыгынын жаңылануусу авариялык өчүрүүлөргө бөгөт коет.

Пикир

Оставить комментарий