• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Жалалабат электр” ААК “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын жаңылап жатат

Аймак 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку өткөрүмдүүлүктөгү аба чубалгыга алмаштырылып жатат. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

"АС 50 кубаттуулуктагы аба чубалгылар АС 90 кубаттуулуктагы аба чубалгыларга алмаштырылууда. Аталган аба чубалгы 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абалды жаратчу. Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарын аралап өтөт, бул айылдарда 4474 абонент бар. Жалпы 4 бригада Токтогул, Исбаскент, Ала-Бука район электр тармактарынын жана “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматынын адистери иш жүргүзүп жатышат. Жалпы 20 ашуун кызматкер жана 5 техника тартылган. Жумуш аягына чыккан соң электр энергиясынын техникалык жоготуулары азайып, кыш айларындагы авариялык өчүүлөр кыскарат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий