• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Жалалабатэлектр» ишканасы 9 айда калктын дебитордук карызын 4 млн 187 миң сомго кыскартты

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-январына калктын электр энергиясына болгон дебитордук карызы 47 млн 961 миң болсо, ушул эле жылдын 1-октябрь күнүнө 43 млн 774 миң сомго кыскарды. Бул тууралуу «Жалалабатэлектр» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, карыз 4 млн 187 миң сомго же 8,7 % төмөндөдү.

Ал эми «Жалалабатэлектр» ачык акционердик коомуна 1 181 119,3 миң кВт.саат лимит берилген болсо, 9 ай ичинде 1 280 803,8 миң кВт.саат иштетилип, 99 684,5 миң кВт.саат электр энергиясын берилген лимиттен ашыкча пайдаланылды.

Өкмөт тарабынан нормативдик жоготууну 11,7 пайызга төмөндөтүү тапшырмасы берилген, «Жалалабатэлектр» ачык акционердик коому 10,51 пайызга кыскартты.

Аталган компания 2021-жылдын 9 айында айында 1 млрд 438 млн 733 миң 100 сом топтоду.

Пикир

Оставить комментарий