• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Жалалабатэлектр» ишканасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Облустагы кырдаалга байланыштуу «Жалалабатэлектр» ачык акционердик коому калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн күчөтүлгөн режимде ишмердүүлүгүн улантууда. Бул тууралуу аталган ишканадан маалымдашты.

Ишканадан билдиришкендей, жашоочулар, мамлекеттик мекеме-ишканалар, социалдык объектилер электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болушу зарыл.

Маалыматка ылайык, муктаждыктан улам, борбордук аппаратта ар бир бөлүмдүн кызматкерлери күзөттө туруп, иш алып барып жатышат ошондой эле район электр тармактарында ыкчам бригадаларга кошумча бригадалар тартылды.

- облус боюнча 24 ыкчам бригада күзөттө турат;

- өндүрүш кызматы жана структуралык бөлүмдөр штаттык режимде иш алып барышат;

- карантин жарыяланган айылдардагы кызматкерлер жумушка чыгарылган жок;

- административдик башкаруунун кызматкерлеринин айрымдары үй шартында иш алып барышууда.

Коронавирус илдетин жайылтпоо максатында кызматкерлерге түшүндүрүү жумуштары компания тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп, керектүү беткаптар, антисептиктер берилип, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө таянуу менен жумуш жүрүп жатат. Компанияга таандык бардык электр тармактары дезинфекцияланды. Компаниядагы кырдаал башкы директор Дурусбек Рахмановдун жеке көзөмөлүндө.

Урматтуу абоненттер 149 кыска номери 24 саат бою иштейт.

Ошондой эле кайсыл жерде электр жарыгы өчүп калган болсо, төмөндөгү телефондор аркылуу байланышыңыздар.

  1. Ишеним телефону 149
  2. Диспетчердик жана технологиялык башкаруу кызматы 0(3722) 5-60-12
  3. Жалал-Абад РЭТ 0 (3722) 5-63-76. 5-31-20
  4. Сузак РЭТ 0 (3748) 5-02-75. 0(3722) 6-03-56
  5. Көк-Арт РЭТ 0 (3722) 3-22-39, 6-03-53
  6. Базар-Коргон РЭТ 0 (3736) 5-00-18, 0(3722) 6-01-75
  7. Ноокен РЭТ 0 (3734) 5-07-21, 0(3722) 6-01-76
  8. Кочкор-Ата УЭС 0 (3722) 6-03-59
  9. Майлуу-Суу РЭТ 0 (3744) 5-22-77
  10. Таш-Көмүр РЭТ 0 (3745) 5-10-34, 0 (3722) 6-03-60
  11. Кара-Көл РЭТ 0 (3746) 5-27-92, 0 (3722) 6-02-78
  12. Токтогул РЭТ 0 (3747) 5-01-95, 5-05-53
  13. Аксы РЭТ 0 (3742) 5-04-98, 5-19-83
  14. Ала-Бука РЭТ 0 (3741) 5-08-79
  15. Чаткал РЭТ 0 (3722) 6-03-52

Пикир

Оставить комментарий