• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Жалалабатэлектр” ишканасы шайлоо күнү күчөтүлгөн тартипте иштейт

Аймак 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. “Жалалабатэлектр” ачык акционердик коомунун кызматкерлери 10-январь шайлоо күнү күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул үчүн аталган коомдун 868 кызматкери тартылды.

“Жалалабатэлектр” ААКсы облустагы 434 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир шайлоо тилкесине бирден электр монтеру жана көзөмөлдөөчү кассирлер бөлүнгөн, шайлоо тилкеси өз ишин аяктаганча нөөмөттө турат. Үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергия менен камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү.

Мындан сырткары, атайын 24 мобилдик тайпа иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий