• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Жалалабатэлектр" ишканасы шайлоо участкаларында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Аймак 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. "Жалалабатэлектр" ААК ишканасы 4-октябрь күнү шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, компания облустагы 430 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участкага бирден электр монтер бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат.

Мындан сырткары, ар бир көмөк чордондордо энергетиктер күзөттө болушат, ошондой эле район-шаарларда кошумча 53 мобилдүү тайпалар түзүлүп, ыкчам аракеттер жеринде көрүлөт.

Жалпысынан шайлоо күнү "Жалалабатэлектр" ишканасынын 720 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Эскерте кетсек, 4-октябрь КРнын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий