• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Жалалабатэлектр" ишканасынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды - видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. "Жалалабатэлектр" ишканасынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча финансы полициясына жеке ишкер "Жалалабатэлектр" ААКнын бөлүмдөрүнүн биринин башчысына карата арыз менен кайрылган.

Бөлүм башчы кызмат абалынан пайдаланып, арыз ээсинен жеткирүү келишиминин негизинде жеткирилген товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) кабыл алуу үчүн 90 миң сом суммасында акча каражаттарын опузалап талап кылган.

Арыз ээсинин айтымында, аталган бөлүмдүн башчысы андан дайыма акча талап кылып келген жана ТМБны ар бир жеткирип берген сайын акча алып турган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 238-беренесинде (кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) каралган кылмыштын белгиси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Үстүбүздөгү жылдын 14-январында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда опузалап талап кылынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн (40 миң сом өлчөмүндө) алып жаткан жеринен "Жалалабатэлектр" ишканасынын темир-бетон буюмдарын даярдоо цехинин башчысы К.Б. кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий