• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Жалалабатэлектро» ААКсынын башкы директору алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Директорлор кеңешинин чечими менен Азамат Паизов «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Паизов буга чейин аталган компаниянын ишенимдүүлүк жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган.

Ал эми «Жалалабатэлектро» ААКнын кызматтан бошотулган башкы директору Дурусбек Рахманов Жалал-Абад район электр тармактар ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

«Улуттук энергохолдинг» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Замирбек Ходжомамбетов жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды.

«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому облустагы 242 миңден ашык керектөөчү кызмат көрсөтүп, анда 1489 кызматкер эмгектенет

Пикир

Оставить комментарий