• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалалабатэлектр: Аксыда эскирген аба чубалгылардын ордуна жаңылары тартылууда

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна карашуу Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылында эскирген аба чубалгылардын ордуна А 70 кубаттуулуктагы аба чубалгылар тартылууда. Бул тууралуу “Жалалабтэлектр” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук электр тармактар ишканасы тарабынан, Күлүк-Дөбө айылынын Дөөлаталиев көчөсүнө 10 кВ кубаттуулуктагы, 22 даана электр мамыча орнотулуп, 1,5 чакырым аба чубалгы тартылууда.

“55 жыл мурун курулган, эскилиги жеткен жыгач мамычалардын ордуна жаңы бетон мамычалар курулуп, аба чубалгылар тартылууда. Жалпысынан 10 кызматкер иштеп жатат. Иштер 2021-2022-жылдын күз-кыш айларына карата көрүлүп жаткан даярдыктардын алкагында ишке ашырылууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жыл башынан бери, Кербен шаарынын аймагында 34 даана мамычалар алмаштырылган. Жалпы 55 электр мамыча жаңыланды. Кербен шаарынын карамагында 6800 абонент бар.

Пикир

Оставить комментарий