• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалган маалыматтарга каршы механизмдерди мыйзам түрүндө бекитүү керек - Таабалдиев

Коом 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Бүгүн "Биринчи радионун" түз эфиринде медиаэксперттер коомдук талкууга чыгарылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулады.

Талкуунун жүрүшүндө алып баруучу "Кабар" маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиевге мыйзам долбоору боюнча суроо узатты. Таабалдиевдин айтымында, бул мыйзам долбоору керек, бирок аны кабыл алуу жарандык коомдун катышуусу менен болушу зарыл.

"Кайсы мамлекетти албайлы, ар бир мамлекеттин өнүгүүсүндө жарандык коомдун орду чоң. Эгер ал болбосо өлкө диктатордук режимге өтүү коркунучу жаралат. Бийлик жарандык коомдун пикирин угуш керек. Бул мыйзам керек, бирок ал демократиялык деңгээлге туура келиши кажет, башкача айтканда ал коомдо уруш-талаш жараткан жалган маалыматтар менен күрөшүү үчүн зарыл", - деди ал.

Анын айтымында, жалган маалыматтар менен күрөшүүнүн механизмдерин мыйзам түрүндө бекитүү керек.

"Медиасабаттуулук Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги талап болуп жатат. Ар кандай топтор, чагым салабыз деген саясий күчтөр бар. Аны түшүнгөнгө билими жогору болгон коом керек. Бул мыйзам коомчулуктун баарына тиешелүү болгондой көрүнүшү мүмкүн. Бирок ал биринчиден журналисттерге тиешелүү, андан да көбүрөөк социалдык тармактагы блогерлерге тиешелүү. Азыркы мыйзамдын чыгып жатканы да ошондон. Социалдык тармактар болбосо бул мыйзамдын чыгып келе тургандай зарылдыгы болмок эмес", - деди ал.

Анын айтымында, социалдык тармактардын өнүгүшү менен ал жактагы жеке баракча сыяктуу маалыматтык аянтчалар өнүгүп жатат. Алар да маалымат таратышат бирок журналистикага тиешеси жок.

"Социалдык тармактарда блогер деген түшүнүк өнүгүп жатат. Журналисттердин материалдарына караганда блогерлердин постторун көп сандаган киши окуп, катталуучулары көп. Бирок алардын иши тескелбейт. Биз коомго зыян келбегендей жана сөз эркиндиги сакталгандай аларга кантип көзөмөл кыла алабыз?", - деди ал.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору

Пикир

Оставить комментарий