• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалган маалыматтарга каршы мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектебейт − депутат

Коом 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Фейк жана жалган маалыматтарга каршы “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектебейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова билдирди.

2020-жылдын 14-майынан тарта социалдык тармактардагы маалыматтарды жөнгө салуу максатында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

“Сиздер билгендей, акыркы убакытта фейк маалыматтар көбөйдү. Ал − дүйнөлүк көйгөй, Кыргызстанга гана тиешелүү эмес. Жалган маалыматтарга каршы мыйзам Франция жана Германияда кабыл алынган. Бул дүйнөлүк практика жана ал социалдык тармактардын өнүгүшү менен байланыштуу. Айрымдар бул мыйзам плагиат деп айтууда, бирок андай эмес”, - деди Осмонова.

Ал билдиргендей, аталган мыйзам биринчи кезекте фейк жаңылыктардан жана жалган маалыматтардан коомдук жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталып, мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектебейт.

“Ар ким өзү каалаган нерсесин айта берсин. Айрымдар бул мыйзам сөз эркиндигине тыюу салат деп ойлошууда. Бирок андай эмес. Ойду ээн-эркин билдирүүгө болот, бирок бир шарт – мышык же иттердин сүрөтүн коюп жашырынбай, өздүгүн көрсөтсүн (идентификация). Укук бүткөн жерде жоопкерчилик башталат. Эгер кимдир бирөө жалган-жалаа жапса анда ал жоопкерчилик тартсын, эгерде чын маалымат болсо, анда ал колдонуучу сөз эркиндиги жөнүндө мыйзам менен корголот. Негизги принцип − колдонуучунун идентификациясы”, - деди ал.

Ошол эле учурда Осмонова бул мыйзам журналисттердин ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий