• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалган маалыматтарга каршы мыйзам текшерилбеген маалыматты жөнгө салуу үчүн керек - Рыспаев

Коом 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-майында социалдык тармактардагы маалыматтарды жөнгө салуу максатында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзамдын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты интернет тармагында таралып жаткан жалган маалыматтардан жарандарды, юридикалык жактарды жана мамлекетти коргоо, алардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу.

Интернет тармагында тараган маалыматтарды төмөнкү жолдор менен көзөмөлдөө: укуктук мамилелердин субъекттерин аныктоо, жөнгө салууну жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу органдын функциялары, интернет-провайдерлердин жана колдонуучулардын укуктары жана милдеттери, интернетти колдонууда юридикалык мааниге ээ иш-аракеттердин ордун жана убактысын аныктоо эрежелерин тастыктоо.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жалган маалыматтарга каршы мыйзам текшерилбеген маалыматты жөнгө салуу үчүн керектигин айтат.

“Сөз эркиндиги чектелбеши керек. Бирок, сөз эркиндиги деп айрымдар негизсиз, ыплас сөздөрдү сүйлөп жатышат, менимче, бул туура эмес. Эгер мен кимдир бирөөнү негизсиз жаман сөздөр менен айта баштасам, ал эч кимге жакпайт. Менимче, жоопкерчилик болушу керек. Жакшы бир адамды негизсиз, эч кандай далили жок жамандап, мазактап, коомдо ал адам туурасында терс пикирди жаратып жатса, мындай иштер туура эмес. Учурда ким акча төлөсө жакшыдан жаман же жамандан жакшы атка конууда. Андыктан ар бир адам өзүнүн ишине жоопкер болушу керек. Башкача айтканда, фейк маалыматты жөнгө салуу үчүн бул мыйзам керек”, - дейт Рыспаев.

Пикир

Оставить комментарий