• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалган миф - вакцина табигый иммунитетти алсыратат

COVID - 19 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Эмдөө - адамдарды оорудан коргоонун эң жөнөкөй, коопсуз жана эң эффективдүү жолу. Бул жалпы процесс биздин иммундук системабызды үйрөтүүгө негизделген.

Элестетиңиз, сиздин иммундук системаңыз шамдагай жана чебер полиция кызматкерлеринин атайын отрядынын бир түрү. Бирок кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмышкерлерди кармоо үчүн полиция кызматкерлерине далилдер, фотороботтор жана сырткы келбетинин сүрөттөлүшү керек. Мындан тышкары, бул жогорку класстагы полиция кызматкерлери такай машыгуудан өтүп, өздөрүн жакшы физикалык формада алып жүрүшү зарыл.

Эмдөө ушундай тренинг катары кызмат кылат. Вакциналарда "өлтүрүлгөн" же олуттуу алсыраган патоген же анын кабыгын түзгөн кээ бир молекулалар бар. Бул ооруну пайда кылуу үчүн жетиштүү эмес, бирок биздин иммундук система патоген менен таанышып калат жана ал чыныгы "кылмышкерге" туш болгондо, оорунун басып киришине өз убагында жооп бере алат.

Айрым учурда "үйрөнүү" үчүн бир нече этаптарды өтүү зарыл: мындай учурларда, белгилүү бир график боюнча вакцинанын бир нече дозасын алуу керектигин айтышат.

Пикир

Оставить комментарий