• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта өзүн милиция кызматкери деп дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Сокулукта өзүн милиция кызматкеримин деп дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 15-ноябрь күнү Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам тарабынан акча талап кылуу фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматтын негизинде Сокулук РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлерине 1998-жылы туулган У.Э. аттуу жаран арыз жазып, 2021-жылдын 15-ноябрь күнү болжол менен саат 00:00 чамаларында Новопавловка айылындагы дарыканалардын бирине бейтааныш бирөө кирип, өзүн ички иштер органдарынын кызматкери деп тааныштырып, арыз ээсинен акча каражатын талап кылып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнин жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы жарандын өздүгү такталып, кармалган. Ал 1987-жылы туулган Д.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, эч кандай ички иштер органдарында иштебей тургандыгы такталган, ал жасалма кызматтык күбөлүк жасап алганы маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтердин жасалмасы) боюнча катталып, кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Д.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Бишкек шаарында ушул сыяктуу дагы башка фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталган. Кылмышка шектүү дарыканаларга кардар болуп кирип, психотроптук дары сатып алуучу болуп, дарыны алган соң тиешелүү кагаздарын сурабай сатып жатканын айтып, жасалма кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, акча талап кылып жүргөн.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий