• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалил Садыковду эскерүү көргөзмөcү - Улуттук китепканада

Маданият 0

Бишкек, 26.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 27-октябрында саат 11:00 Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору, коомдук ишмер, акын, драматург Жалил Садыковдун 85 жылдыгына арналган “Ойчул акын, залкар драматург” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.

Жалил Садыков 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1958-1959-жылдары главлитте “Кыргызстан пионери” газетасында бөлүм башчы, 1959-1963-жылдары Нарын, Ысык-Көл облустары боюнча Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси, 1964-жылы “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, “Жаш ленинчиде” башкы редактор, 1986-1988-жылдарда Маданият министрлигинин репертуардык-редакция коллегиясынын башкы редактору, 1988-1992-жылдары “Кыргызстан маданияты” газетасынын башкы редактору болуп иштеген.

Ж.Садыковдун чыгармачылыгы биринчи ырлар жыйнагы “Убада” деген ат менен 1958-жылы жарык көргөн. Ага удаалаш эле “Жайкы таңда, “Кечээкинин күбөсү”, “Акын чабан”, “Сары Өзөн”, “Менин ырым-Мекеним”, “Унутулгус обондор”, “Тууган жер”, “Мөлтүр булак”, “Жер керемети” ж.б. ырлар жыйнактары, очерктери, 20дан ашык тандалмалар жыйнактары басылып чыккан. Анын көптөгөн ырларына обончулар тарабынан обон чыгарылып радиотеледен ырдалып келатат.

Ж.Садыков залкар драматург катары, анын өнүгүшүнө негиз салуучулардын бири “Манастын уулу Семетей” (1982), “Сейтек” (1987), “Айкөл Манас” үчилтиги Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында ийгиликтүү коюлуп келатат.

Ж.Садыковго “Манастын уулу Семетей” аттуу эпикалык драмасы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

“Тайгак жол”, Карагул ботом”, “Жукеев - Пудовкин”, “Боз торгой”, “Акыйкат” аттуу драмалары”, “Күйөө жолдош” деген комедиясы балдарга арналса, “Азамат”, ”Эр Төштүк”, “Ач көз жана боорукер”, “Толубай сынчы” драмалары жылдар өтсө дагы театрдын репертуарынан түшпөстөн коюлуп келатат. Ошондой эле акын тарыхый темадагы пьесалары “Адам жана азезил”, “Өмүр жана өкүнүч” (Шабдан баатыр), “Ормон хан” театрлардын өнөр секисинен түшпөй келүүдө.

Ж.Садыков таланттуу котормочу катары Омор Хаямдын, Р.Гамзатовдун, К.Кулиевдин,Г. Гейненин, Шевченконун, Пушкиндин, Лермонтовдун чыгармаларын кыргызчага которгон. Өзүнүн чыгармалары орус, казак тилдерине которулуп, боордош элдердин театрларынын сахналарында коюлуп келатат.

Акын, драматург Кыргыз Республикасынын символу болгон Гимндин автору, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, белгилүү коомдук ишмер болгон. Адабиятка сиңирген эмгеги жогору бааланып Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы ыйгарылып, “Манас” ордени, Ардак Грамоталар, бир нече медалдар менен сыйланып, Эл аралык “Руханият” сыйлыгына татыктуу болгон.

Китеп көргөзмөсү 4 бөлүктөн турат:

1. Көркөм поэзиянын чебери;

2. Улуттук драматургиянын устаты;

3.Жалил Садыков -таланттуу котормочу;

4. Замандаштары эскерет.

Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын кызматкерлери, акын-жазуучулар, акындын туугандары, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел: 30-50-57; 30-47-04

Пикир

Оставить комментарий