• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалил Сыдыковдун 85 жылдыгына арналган фестиваль өтөт

Маданият 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. 11-15-июнга чейин Бишкекте Кыргыз ССРнын эл жазуучусу Жалил Сыдыковдун 85 жылдыгына арналган IV Республикалык театралдаштырылган фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалды аталган министрлик уюштурууда.

Анын максаты болуп, жаңы театралдык багыттарды аныктоо, театрдын салттарын сактап калуу жана маданияттуулукту жайылтуу болуп саналат.

Фестиваль Чүй проспектисиндеги “Ала-Тоо” аянтында театралдаштырылган жүрүш менен башталат.

Фестивалдын программасы:

11-июнь

“Тунгуч” жаштар театры

«Илегилек» спектакли, башталышы саат 18:30

12-июнь

Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы драма театры

Талас облустук К. Медетбеков атындагы музыкалык-драма театры “Курманбек” спектакли, башталышы саат 10:00

Мамлекеттик Учур театры “Сафед Булан” спектакли, башталышы саат 14:00

Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театры

Театралдаштырылган жүрүш

IV республикалык театралдаштырылган фестивалдын ачылуу аземи

Баткен облустук А. Жайнаков атындагы музыкалык драма театры “Кашар” спектакли, башталышы саат 17.30

13-июнь

Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театры

Ош мамлекеттик академикалык Бабур атындагы музыкалык драма театры «Айкɵл Манас», башталышы саат 10:00

Ысык-Көл облустук К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театры «Күкүрт болгон күндɵлүк»

Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры

Ж.Мамытов атындагы коомдук фонду - “Актриса” башталышы 17:30

14–июнь

Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы драма театры

Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театры «Үкɵй» спектакли, башталышы 10:00

Жала-Абад облустук Барпы атындагы драма театры «Каркыранын канаты» спектакли, башталышы саат 14:00

Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театры «Бакбергендин балпайган бактысы» спектакли, башталышы 17.30

15-июнь

Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры

Чүй облустук Ш.Термечикова атындагы театры «Бɵрү заман», башталышы саат 10:00

Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театры

IV республикалык театралдаштырылган фестивалдын жабылуу аземи 17:00

Фестивалдын алкагында спектаклдер М. Шаршенбаев, А. Абдыкалыков, Ж.Кулмамбетов, Т. Сыдыков, А. Текешов, М. Шарафидинов, К.Асанбаев, Ж.Мидинов, Л. Молдалиева Э.Турдубековалардын катышуусунда талкууга алынат.

Пикир

Оставить комментарий