• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпак-Таш айыл аймагында 60 үй-бүлө убактылуу көчүрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда 26-апрелде жүргөн жер көчкү, 280 метрге чейин жеткен. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 5 200 000м3 көлөмдөгү жер көчкү 47 турак-үйдү, социалдык обьектилерден 1 ФАП, 1 мечитти, 35 электр мамысын басып калган. Жер көчкү жүргөн аймактагы жашоочулар өз убагында көчүрүлүп чыгып кетишкендиктен, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Мындын сырткары жер көчкү Шор-Суусун бөгөп, 4 социалдык объектиге (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) коркунуч жараткан.

2017-жылдын 26-апрелинде КР ӨКМ тарабынан 61 комплект чатыр тигилип, 60 үй-бүлө (406 жаран) убактылуу көчүрүлгөн. Ал эми социалдык объектилердин курулуш материалдары, эмеректери коопсуз жайга ташылып чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий