• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалпак-Таш айылында жер көчкү 45 үйдү басып калды

Аймак 0

Бишкек, 11-май /Кабар. Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 2017-жылдын 10-майга карата 45 турак-жайды басып калган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, социалдык объектилерден 1 ФАП, 1 мечит жана 35 электр мамысын, айыл көрүстөнүн басып, мектептин пайдубалын басып калган.

Мектептин курулуш материалдары буга чейин КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай, 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан. Жер көчкү айыл аймактын көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий