• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалпак-Ташта жер көчкү 11 турак үйдү басып калды, курмандыктар жок (фото)

Кырсык 0

Бишкек, 1-май /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл айыл аймагынын Курбу-Ташайылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып 2017-жылдын 30-апрель күнүкарата 300 метрге чейин жылган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Негизинен жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай бар анын 10 турак-жайын басты. Кооптуу аймакта андан сырткары 4 соц.объектиге (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) коркунуч бар.

Жашоочулар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Буга чейин КР ӨКМнин тарабынан 15 чатыр тигилген.

28 турак үй ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жер көчкү 11 турак үйдү басып 12-үйдү ороп калган жана Шор-Суусун бөгөп, суу топтолууда.

КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Д.Каримов,КР ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Н.Кулмаматов жана КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинен Т.Ажибаев, айыл аймак башчысы Кутман Эралиев жана Жарандык коргонуу комиссия менен биргеликте кооптуу жайда жашап жаткан турак үй ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иш чаралары каралууда.

КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду буйругу менен 46 даана чатыр, 46 даана тазалык каражаттары бөлүнүп, орнотуу иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий