• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалпак-Таштагы турак жайы жабыркаган жашоочулар толук түрдө чатырларга көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында турак жайы жер көчкүдөн жабыркаган жашоочулар толук түрдө чатырларга көчүрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта билдирилгендей, 2017-жылдын 15-апрелинде саат 10:00дөн баштап Кысык-Алма айылынын Чырмаш тилкесинде көлөмү болжол менен 900 000м³ колоттун ичи менен 3-4 чакырым аралыкка жер көчкү жылып, 16-апрель күнү 5 турак жайды басып калган жана 1 бүтө элек турак-жайга 10 метр аралык калган.

Андан сырткары Куршаб-Жалпакташ унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып, жол каттамы убактылуу жабылган.

16-апрель күнү жер көчкү коркунучундагы 6 турак-жайдын жашоочулары туугандарынын жана коңшуларынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Ушул эле күнү КР ӨКМги тарабынан турак-жайсыз калган жарандарга 6 даана 5 орунду чатыр тигилип, 6 үй-бүлөө жайгаштырылган.

17-апрель күнү тигилген чатырларга райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан электр энергиялары тартылып киргизилген.

белгилей кетсек, Кысык-Алма айылынын Чырмаш тилкесине баруу үчүн айланма унаа каттамы бар.

Пикир

Оставить комментарий